Марат Жанталиев менен Айнура Тургунбаева сахнадагы "Сакиш - Бопуш" образы аркылуу элге таанылышкан. Алар жараткан образ ушунчалык сиңимдүү болгонун мындан билиңиз, актер-актрисанын өз ысымдары четте калып эле, жашоодо да Бопуш жана Сакишке айланышкан.
Марат Жанталиев 9-июнда 59 жашында көз жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең болуп, Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилээри белгилүү болду.
Айнура Тургунбаева сахнадагы өнөктөшүн мындайча жоктоду:
“Бир туугандай эгизим эмес белең. Эми кимге сырымды айтып, кимге арманымды айтам? Кимди Бопуням деп эркелетем, ким мени Сакинтай деп эркелетет? Ушинтип таштап кетет белең Бопуням! Жараткан бейишинен орун берсин. Кош кесиптеш түгөйүм, кош!”