Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров быйыл Жалпы республикалык тестирлөө 21-25-июнь күндөрү өтөөрүн айтты. Жыйынтыктарды жарыялоо жана канча балл алганы тууралуу маалыматтар абитуриенттердин колдоруна 19-июлга чейин жеткирилип бүтөт.
Бул жылы ЖРТга каттоо 6-апрелге чейин деп белгиленген, бирок шартка байланыштуу дээрлик бир айдан ашык убакытка чейин жылдырылды. Тактап айтканда, каттоо 15-майга чейин ачык жүргүзүлөөрү жарыяланган. Ал эми негизги жана предметтик тесттерди тапшыруу 21-июндан 25-июнга чейин үч этапта өтөрүн Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 8-июндагы он-лайн брифингде билдирди.
Эгер буга чейин, ошол 15-майга чейин катталбай калган абитуриенттер үчүн кошумча шарттар да каралды. Башкача айтканда, алар үчүн 20-июнда жана 23-июнда саат 13:00дөн, 17:00гө чейин жүрөт. Ал күндөрү өлкө боюна 116 жерде ЖРТ борборлору иштейт. Тестирлөөнүн жыйынтыктары 13-июлдан 19-июлга чейин ар бир окуучунун колуна жетет. Кыскасы,  абитуриенттер университеттеридин имараттарына барбай, ЖОЖго тапшыруу он-лайн форматта өтөрүн жарыялады.
9-11-класстын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик сынак тапшырбай турган болушкан. Министрликтин буйругуна ылайык, бүтүрүүчүлөргө тиешелүү сабактар боюнча баалары жыл ичиндеги жалпы жетишкендиктеринин, анын ичинде текшерүү иштеринин, чейректик, жарым жылдык бааларынын негизинде коюлат. Аны министрлик иштеп чыккан атайын жобого ылайык түзүлгөн предметтик комиссиялар ишке ашырат.
Ушул тапта бүтүрүүчүлөргө предметтик бааларын коюу жараяны жүрүп жатат. Тактап айтканда, баа коюу 2-июндан 13-июнга чейин болууда. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы