Маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Дастан Догоев эмне себептен кызматтан кеткенин айтты.
“Гарвард университетинде билим алуума байланышкан маселени президент менен да, өкмөт башчы менен кеңешкем. Аталган университет – дүйнөдөгү алдыңкы окуу жайлардын бири. Ушул жылдын башталышында тийиштүү документтерди чогултуп жана кирүү сынагынан өткөнүмдөн кийин Гарвард институтунун мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасына тапшырдым. Билим алуу программасы бир жыл жана гранттык негизде болду. Мындай мүмкүнчүлүк өмүрдө бир гана жолу берилээрин эске алып, жетекчилик мени колдошту, ал үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондуктан, убакыттын жана көңүлдүн баары билим алууга арнала тургандыктан ээлеген кызматымды бошотуп бердим”, - деди Дастан Догоев.