Россия КМШ өлкөлөрүнө болгон аба каттамдарын ушул жылдын 15-июлунан тартып ачат. Бул тууралуу РФ туроператорлор Ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Россиянын Транспорт министрлигинин өкүлдөрүнүн арызы боюнча 15-июлдан тартып орус өлкөсүнөн КМШ өлкөлөрүнүн баарына учактар учуп баштайт жана ал өлкөлөрдөн келген учактар кабыл алынат.

 Россия менен аба каттамдары жанданган өлкөлөрдүн тизмеси 1-августтан тартып кеңейтилет.

Эске салсак, Россия башка өлкөлөр менен аба каттамын 27-мартта токтоткон. Бул убакыт аралыгында абамайдандан бир гана башка өлкөлөрдөгү россиялыктарды алып келүүчү жана өкмөттүн тапшырмасы менен атайын учактар учкан чартердик каттам гана асманга көтөрүлүп турду.