
Кечээ, 9-июнда маалымат каражаттарында Горький атындагы паркта митинг болоору кабарланган. Ага ылайык, бүгүн, 10-июнда “Ынтымак” партиясынын лидери Жылдызбек Турганов башында турган чоң масштабдагы акция болмок. Андагы башкы маселе – Америкадагы кара терилүү жарандардын укугун коргоо жана полиция кызматкеринин кысымынан көз жумган Жорж Флойддун өлүмүнө айыптуулардын акыйкат жазага тартылуусун талап кылуу эле.
Бирок бүгүн саат 11де Горький паркында жалгызсырап бир адам колуна плакат көтөрүп алып турду. Калганынан дайын болбоду. Ал арада Жылдызбек Турганов иш чараны тез арада токтотууга аргасыз болгонун кабарлады.
“Биз тынч митинг уюштуруп, акылдуу америкалыктарга Кыргызстанда демократия бардыгын көрсөтөлү дегенбиз. Демократияга үлгү катары дайыма АКШ белгиленет эмеспи. Ал жакта кыргызстандык мигранттар, студенттер жашайт. Маркум Флойд кабылган абалга биздикилер да кабылып калбайт деген кепилдик жок. Бирок мага митингде башаламандык болоору тууралуу маалымат жетти. Кыязы биздин иш чараны пайдаланууну каалагандар бар окшойт”, - дейт түзүлгөнүнө аз эле убакыт болгон элге тааныла элек партиянын белгисиз лидери.
Эске салсак, май айынын аягында Америкада кара терилүү жаран – Жорж Флойд полиция кызматкеринин кол көтөрүүсүнөн улам каза тапкан. АКШда бул окуяга карата элдин нааразычылыгы күчөп, расизмге каршы митинг бир нече күнгө созулду.