Депутат Дастан Бекешев парламент жыйынында китепканалардын катардагы кызматкерлери 5 миң, ал эми жетекчилери 10 миң айлык алышаарын жарыялады.
“Бул уят жана маскарачылык! Китепканачылар бул акчага кантип оокат кылышаарын аткаминерлер ойлондуңар беле?!” – деди депутат.
Эске салсак, парламент бүгүн “Китепкана иштери боюнча” Мыйзамына өзгөртүү кабыл алды. Анда айтылгандай, Улуттук китепкананын жетекчилеринин эмгек акысы жогорку категориядагы мамлекеттик кызматкердин айлык акысына теңештирилет. Бирок мамлекеттик реестрге китепкана жетекчилери катталган эмес. Ошондуктан өкмөт өкүлдөрү китепканачыларды тизмеге кошуп жана алардын маянасын 180 пайызга көбөйтүүнү сунуштаган.