Эл аралык мелдештерден Кыргызстанга коло, күмүш, алтын медалдарды артынып келген балбан Айсулуу Тыныбекова коомчулукту өзгөчө сүрөттөрү менен таң калтырды. Дайыма кыска чач жасалгасы менен жүрүп, спорт кийимчен килем үстүндө күрөшкөнүн гана көргөн көпчүлүк чынында балбан кызды айымдык наз, аялзаттык назиктүүлүк менен элестете алган эмес. Балбандын жаңы фотосессиясы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду. Тыныбекова ушундай сүрөткө түшүүнү качантан бери кыялданып келип, эми гана ишке ашырганын айтты.