
Боз үй философиясы аркылуу улуттук идеологиянын башатын таануу
Боз үйүбүз улуттук идеологиябыздын башаты.
Өсүп-өнгүсү келген улут ишти биринчи ички ынтымактан, биримдиктен баштайт. Кыргыздар ошондуктан “Ынтымак бар жерде ырыс бар”- дешип, ынтымак жөнүндө көптөгөн макал,лакаптарды, акыл-насаат сөздөрдү, легендаларды айтып келатышат. Дал ушул биримдиктин, ынтымактын өзөк түйүнүнү кыргыздын БОЗ ҮЙҮНӨНӨ толук жайгашкан.
ТҮНДҮК- бул мамлекет.УУКТАРЫ-Кыргыз улутун кураган уруулар, Кыргызстанда жашаган улуттар, этностор. КЕРЕГЕ- өткөн тарыхыбыз. КОНУШ- бул Ата-журт мекенибиз. ҮЗҮК,ТУУРДУК ЖАБУУЛАР- Улууттук күнүмдүк жашообуздун жүзү, акыбалыбыз, абалыбыз, экономикабыз.Боз үйдүн ИЧКИ ЖАСАЛГАСЫ- бул биздин байыртадан келаткан улуттук нарк-салтыбыз.Руханий дүйнөбүз. Маданиятыбыз. Улуттук өзгөчөлүгүбүз. Эми муну терең ойлонуп, ар бирин өз өзүнчө баалап чечмелейли.
ТҮНДҮГҮҢ жок болсо, уугуңду кайда саясың? Боз үйүңдү кантип тигесиң? Мамлекетиң жок болсо, каякка башың биригет? Демек Боз үй үчүн эң маанилүүсү ТҮНДҮК. Ал эми бизди канча уруу, этнос, улут болсок да баарыбызды бириктирип турган МАМЛЕКЕТ. Боз үйдө уугуң канча көп болсо үйүң ошончо чоң болот. Үйүң чоң болсо көрктүү салабаттуу болот. Демек уугуңдун көп болгону жакшы. Уугуңдун көп болушу үчүн керек болсо аракет кылуу керек. Кыргыздар “Жүз баш” үйлүү болууну каалашкан. Жүздөн көп баштуу үйлөр болгон. Мындай чоң үйдө ар бир уук өз милдетин аткарат. Ар бир уук керек. Туура бир эки, керек болсо андан көп уугу жок деле Боз үй тигиле берет. Бирок ошол уугу жок жерден катуу жаанда кийизден суу өтөт.Шамаал болсо желпилдейт. Ичинен караганда кемтиги көрүнүп, көркү кетет. Кыргыздардын байыркы түшүнүгүндө “Уугуңду кем кылып тиксең, ырыскың качат, жаманчылык тооруйт, байлыгың кетет”- дешкен. Ошондуктан Кыргыздар Боз үйдү бир уугун да кем кылбай тигүүгө аракеттенген. Биз менен чогуу жашаган көп улутту,этносторду өзүбүзгө кошуп бириктире алсак, Кыргыз Улутун курап турган уруулар ортосундагы ынтымакты бекемдесек Боз үйүбүбүздүн уугу түгөл болот. Уугубуз көп болсо Боз үйүбүз кеңейет.Бекем болот. Мамлекетибиз гүлдөп өнүгүүгө жол ачылат.
Мамлекетибиз ТҮНДҮГҮБҮЗ – дедик го. ТҮНДҮГҮБҮЗДҮ- Кыргызстандагы жашаган баардык уруулар, улуттар,этностор биригип УУК болуп тиреп көтөрүп турушубуз керек. Мамлекетибиздин астында бир тилек менен биригишибиз керек. ТҮНДҮКТҮ көтөрүүдө ар бир ууктун укугу, милдети бирдей. Бири-биринен ашык да кем да эмес. Биздин да Мамлекетибизди “Уук болуп көтөрүп турууда” ар бир уруунун, Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун, этностун укугу бирдей. Биз баарыбыз Боз үйүбүздүн ТҮНДҮГҮН көтөрүп турабыз. МАМЛЕКЕТИБИЗДИ “көтөрүп турабыз”. Биз баарыбыз биригип мамлекетибизди курап, түзүп турабыз. Биз мамлекеттин уугубуз. Мына бизди ынтымакка бириктирүүчү күчтүн философиясы. Биз баарыбыз тең укукта экенибизди билип, түшүнүп, ынтымакта сыйлашып бирдиктүү болсок гана күчтүүбүз, көрктүүбүз. Биримдикте болуу башкы милдетибиз. ТҮНДҮК көтөрүүгө келгенде бөлүнбө. Бөлүнсөң деле Боз үй тигилет. Бирок бир уугу кем болот. Бул өкүнүчтүү. Түндүктү көтөрүүдө бир уукту да четке калтырба. Унутпа. Ар бир ууктун милдети, аткараар иши бирдей экенин унутпа. Ушуну жатта. Муундан муунга мурас кылып өткөз.
КЕРЕГЕ- өткөн тарыхыбыз. Тарых биздин Боз үйдү тиреп турат. Уугубуз канчалык көп болсо керегебиз ошончо кең болот. Керегеңдин кеңдиги тарыхыңдын тереңдиги. Байлыгы. Көп кырдуулугу. Ар бир уруунун, улуттун, этностун тарыхын бирдей сыйлашыбыз керек. Керегенин көздөрү бирдей. Ууук байлаган баштары бирдей. Жайылышы бирдей. Тарыхыбызга да бөлүнбөй, кемсинтишпей, “өзүм”- деп мактанышпай, бирдей карап сыйлашсак гана бири бирибизди түшүнөбүз. Түшүнүшсөк ынтымакка өбөлгө башталат. Сый-урмат башталат. КЕРЕГЕНИ сыйлайлы. Өткөн тарыхыбызды сыйлайлы. Өткөн тарых астында баарыбыздын укугубуз, алган ордубуз бирдей экенин түшүнөлү. Бири-бирибизден артыксынбайлы. Бири-бирибизди кемсинтпейли. Мына ушуну ар бирибиз түшүнүп келечек муундарга мураска калтыралы.
Боз үйүбүз тигилген КОНУШ бул МЕКЕНИБИЗ. Ошондуктан Кыргыздар аны “АТА-ЖУРТ”-деп атаган. Кыргызстан –деп аталган МЕКЕНИБИЗ биздин боз үйдүн тигилген ЖУРТУ. Кыргыздар ЖУРТУН кадырлап урунган. Конгон конушун, ЖУРТУН ыйык туткан. “Ата ЖУРТКА бир кайрылып бара көр балам”- деп ырдын мааниси ушунда. Мыкты боз үй тигилсе ЖУРТТУН көркү. Келишимдүү жумурткадай чоң ак боз үйдүн тигилип турганын элестеткиле. Кимдер кызыкпайт. АТА-ЖУРТУБУЗГА тигилген боз үйдүн көркөмдүү болушуна дайыма кам көрөлү. ЖУРТУБУЗДУН көркүн арттыралы. Аны жаман сөз тийгизип булгабайлы. Мекенибизди барыбыз бирдей сүйүп сыйлайлы. Анткени КЕРЕГЕБИЗ ушул ЖУРТКА жайылган. Боз үйүбүз ушул ЖУРТКА тигилген. ЖУРТУБУЗДУ ыйык көрүш, аны уруна билиш, сакташ ар бирибиздин милдетибиз. Муну ар бирибиз түшүнөлү. Кийинки муунга мурас кылып калтыралы.
Боз үйдүн ҮЗҮК,ТУУРДУК ЖАБУУЛАРЫ-бүгүнкү жашоо образыбыздын көрүнүшү. Экономикабыз. Мамлекетибиздеги бүгүнкү абал. Туура экономикабыз чабал болуп, үзүк туурдугубуз кичине эскирип турат. Өңү өчүп турат. Бирок ал убактылуу. Эртең эле жаңыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Кыргызда “Ачынган курсак тоюнат. Жыртылган кийим бүтөлөт.”- деген кеп бар.Боз үйүбүздүн жабууларын аппапак кылып келиштирип оңдоп жаңыртууга барыбыз бир тилектен аракет кылалы. Анткен ал биздин Боз үй. Барыбыз кирип, “жайда ысыктан”, “кышта сууктан” сактануучу, жашообузду өткөзүүчү үй. Ынтымагыбыз болсо, бир тилекте болсок үзүк туурдукту жаңыртып коюш оор иш эмес. “Ырыс алды ынтымак”-деген сөз ушул жерде турат. Муну түшүнөлү. Кийинки муунга мурас кылып калтыралы.
Боз үйдүн ИЧКИ ЖАСАЛГАСЫ-бул Кыргыз элинин байыртадан бери келаткан нарк-салты. Маданияты. Улуттук өзгөчөлүгү. Чыгданынан баштап, кереге чийине чейин, оймо, терме боосуна чейин Кыргыз улутуна гана тиешелүү өзгөчөлүктү көрсөтүп даңктап турат. Боз үйдүн ичиндеги жашоо образы, тартиби да башкача. Бул кылым карытып бузулбай, жоголбой өзгөрбөй бүгүнкү күнгө жетти. Мындан аары да уланышына кам көрөлү. Боз үйгө кирген ар бир улуттун өкүлү тамшангыдай кылалы. Суктангыдай кылалы. Нарк- салтыбыздын, маданиятыбыздын жакшы жагын көтөрүп өстүрөлү. Меймандостугубузду арттыралы. Улуттук мүнөзүбөздөгү АЙКӨЛДҮКТҮ данктайлы. Кыргыздар “Эшигин көрүп, төрүнө өт”- дешет. Биздин босогобузду аттагандардын жүздөрүнөн ыраазычылыктын нуру жаасын. Ушул үйгө киришкенине кубансын. Ушул үйдө биз менен чогуу жашап жатышканына кубанышсын. Биздин нарк-салтыбызды, маданиятыбызды таанышсын. Кабыл алышсын. Кыргыздын БОЗ ҮЙҮНӨ киргендер ар бириңер үйдү сыйлагыла. Демек Кыргыздын маданиятын, нарк-салтын сыйлагыла. Биз силерди кучак жайып үйүбүзгө кийиргенден кийин силер да сыйга сый менен жооп бергиле. Ошондо кана ынтымагыбыз артат. Үйүбүз көркөнө чыгат. Ушуну түшүнөлү. Кийинки муундарга мурас кылып калтыралы.
Боз үйдүн бүт турпаты биригип келип КЫРГЫЗ УЛУТУ- дегенди түшүндүрөт.
Республикабыздын аты “КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ”- деп аталат. Боз үй бул КЫРГЫЗ. Мындан башкача кабыл алууга мүмкүн эмес. Ушуну Кыргызстанда жашаган баарыбыз түшүнөлү. Боз үй философиясын өнүктүрүп, жайылтып кийинки муундарга мурас кылып калтыралы.
Чолпонбек Абыкеев, жазуучу