
Эртең, 10-июнда Бишкектеги Горький эстелиги жайгашкан аянтчада митинг болот. Бирок, чоочубаңыз, бийликке каяша айтуу, кимдир бирөөнү кет, же кимдир бирөөнү кел деген митинг эмес. "Чай куйбаймдардын" да акциясына кирбейт. Бул сапар кыргыздар Америкага адам укугун кантип коргоо керектигин үйрөтүшөт.
Ушул жылдын май айында Америкада дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн окуя орун алган. Анда кара терилүү жаран Жорж Флойд полиция кызматкеринин сабоосуна туш болуп, анын кесепетинен оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Бул окуя Америкада сыртынан билинбегени менен ичинен кара терилүү жана ак терилүү жарандардын ортосундагы оркойгон ажырым дале сакталаарын айгинелегенсиди.
Кара терилүүлөрдүн укугун коргоп жана полиция кызматкерлеринин чектен чыккан жоруктарына каршылык билдирип бир гана Америкада эмес, дүйнөнүн бир катар өнүккөн өлкөлөрүнүн эли митингге чыгышты. Айрымдары Американын ошол өлкөдөгү элчилигинин алдына барышып, темир тосмосун жулуп салууга чейин барышкан. Ал эми кубаттуу АКШ нааразычылык митингдеринин күчтүү толкунунан айласын таба албай калчудай эле абалга баратат.
Кыргыздар да укук дегенде четте карап турбайт эмеспи. "Ынтымак" партиясынын лидери Жылдызбек Турганов эртеңки митинг так ушул маселенин тегерегинде болоорун бышыктады. Митинг коронавирус илдети менен күрөшүүдөгү бардык эрежелерди сактаарын белгиледи. Катышуучулар беткап тагынышат, колкап кийишет жана аралыкты сакташат. Кара терилүүлөрдүн укугу менен кошо Американын дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде ачылган биолабораториялардын ишмердүүлүгүн ачыкка чыгарууну да талап кылышат.
Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев адам укугун коргоого үн кошуу жана биолабораториялар маселесин көтөрүү учур талабы деп эсептейт. Ошондой эле ал демократияны Америкадан үйрөнгөн Кыргызстан демократия аралчасына айланганын, эми алардан адам укугун сактоону талап кылуу кезеги келгенин белгилейт.
"Биз, кыргыздар адам укугун коргоону эми Америкага үйрөтөбүз. Полиция террорун токтотууну талап кылабыз. Бул туура. Дүйнөдөгү болуп жаткан адам укугуна терс окуяларга кайдыгер карабашыбыз керек, үн кошушубуз керек. Биолаборатория тууралуу айтсак, Америка бир катар өлкөлөргө лабораториясын куруп койду. Мисалы, Алматы, Душанбе, Киев, Кишинев шаарларында бар. Бизге да бир убактарда курууга аракеттенди, а кыргыздар жол берген жокпуз. Бул лабораторияда эмне иликтенип, эмне ачылып жатканы белгисиз. Дүйнөнү каптаган таажы вирусунан кийин биолабораториялардын ишмердүүлүгүнүн ачык болушун талап кылуу зарыл", - деди саясат талдоочу.