Бүгүн, 9-июнда эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламенттик комитет Россиянын Кант шаарындагы авиабазасы боюнча макулдашуунун айрым пункттарын өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.
Талкуу учурунда комитеттин төрагасы Исхак Пирматов бул келишим боюнча түшүнбөстүктөр болуп жатканын, базанын Кыргызстандын коопсуздугу үчүн мааниси чоң экенин белгиледи. Ал Россиянын КМШдагы башка өлкөлөрдөгү аскер базаларына акы төлөнбөй турганын эске салды. Келишим күчүнө кирсе базанын аянтынын кеңейишинин эсебинен Кыргызстанга жылына 291 миң доллар төлөнөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясына киргизилип, бирок каралган эмес. Буга мыйзам долбоорундагы учуу-конуу тилкесине байланышкан маселе себеп болгон. Анда Россия Канттагы базанын учуу-конуу тилкесин оңдой турганы жана ал орус тараптын менчигине өтөрү жазылган. Ушундан улам айрым депутаттар «жер Россияга өтүп жатат» деп тынчсызданышкан.
Ал эми Башкы штаб Россияга жер берилбей турганын, келишим аяктагандан кийин сөз болуп жаткан тилкеге Кыргызстан ээлик кыларын билдирген.
Башкы штабдын билдирүүсүндө, орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштайт.
Булак: Элгезит