Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев   онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда COVID-19 илдетине чалдыккандардын  жалпы саны 2055 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 38 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан айтканда өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын саны 1483 адамды түзөт.

Жаңы катталган  учурлар:

- Бишкек шаарында 6 адам;

- Чүй облусунда 2 адам;

- Ош шаарында 4 адам;

- Ош облусунда 3 адам;

- Жалал-Абад облусунда 3 адам.

- Ысык-Көл облусунда 4 адам;

- Нарын облусунда 1 адам.