Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга «Кыргызстан» фракциясынан депутат болгон Чойбеков Руслан Нуркалиевичтен Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу тууралуу арыз келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Молдошев Руслан Алдашевич «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутатына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу арыз жазды.
Булак: Баракелде