Нарын облусунун тургундары КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбековдун кечирим суроосун талап кылышууда. Элдин нааразычылыгын чагылдырган видео соцтармактарга жүктөлдү.
Анда тургундар Илим Карыпбековдун жайлоо үчүн чатакташкандарды жектеген билдирүүсүнө нааразы болушкан.
Эске салсак, 5-июнда Нарындагы Кырк-Боз үй аймагында жашаган 150дөй адам жолду тосушкан. Алар Кочкор районунан келаткан чабандарды жайлоого өткөрүүгө каршы болушкан. Бул боюнча учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы белгилүү болгон. Ал эми Илим Карыпбеков соцтармактагы баракчасына нарындыктардын кылганы интернетке жайылып кеткендиктен коңшу мамлекеттердин Кыргызстан тууралуу оюна терс таасирин берээрин айткан.
Илим Карыпбеков кийинки постун жарыялады, бирок кечирим сураган жок. Жөн гана мурдагы билдирүүсү аталган айылдын тургундарын кемсинтүү үчүн эмес, ар кандай маселени жолду торобой эле тынч сүйлөшүп чечип алса болоорун түшүндүрүүгө арналганын айтты.