Отурум жабык эшик артында өттү.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар аны 6 жылга эркинен ажыратууну суранышкан болчу. Ал эми бүгүн Элмирди колдоп жакындары, тааныштары жана ырчылар Анжелика менен Жан Сабыров соттун имаратына келишти.
Сыдыманов 17-февралда Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалып, 28-февралда үй камагына чыккан. Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) боюнча айыпталган.
Жактоочу Али Магеев блогер социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу уюштурган түз эфирде айткан сөзү боюнча лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүч келтирген. Судья өтүнүчтү карагандан кийин психологиялык-лингвистикалык экспертиза дайындоо чечимин кабыл алды. Ошондой эле судья кылмыш ишти кароону токтотуп, материалдарды экспертизага жөнөттү.


Булак: Баракелде