Экс-депутат Карганбек Самаковдун бир тууган эжеси Айчүрөк Самакова коронавирус илдетинен улам каза тапканы белгилүү болду. Айрым маалыматтарга караганда ал Нарын шаарындагы Чкалов атындагы орто мектебинин директору болуп иштечү. 5-июнда жумуш учурунда өзүн жаман сезгендиктен үйүнө кеткен. Кийинчерээк ооруканага кайрылып, ал жактан коронавирус илдетин жуктуруп алганы аныкталган. Андан жакшы боло албай көз жумган.