Депутат Гүлшат Асылбаева жакында “Маалыматтардын бурмаланышы тууралуу” мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда интернет желесиндеги тастыкталбаган жалган маалыматтарды тыюу жана провайдерлерди колдонуучулардын өздүгүн сактоого милдеттүү кылуу сунушталган.
Фактчек депутаттын мыйзам долбоору көчүрмө экенин жазып чыккан. Андагы маалыматтарга таянсак эл өкүлү сунуштаган долбоордун 99 пайызы орус мыйзамынан көчүрүлгөн. Бирок биз сөз кыла турган нерсе – мыйзамдын оригиналдуулугу же көчүрмө экенинде эмес. Гүлшат Асылбаева аталган сунуш кыргыз коомчулугуна эмнеге керектигин түшүндүрүп берди.
Айтымында, жол кыймылы – трафик, интернет да трафик. Жол кыймылынын эрежесин бузган адамды МАИ кызматкери токтотот. Жаран айыбына жараша жазасын тартат, айыппул төлөйт же башка чара көрүлөт. Мында эч ким “менин эркин кыймылдоомо чектөө кирип калды”, - деп даттанбайт. Анткени, эреже буздуңбу – жазасын тарт деген түшүнүк бар. Ошол эле сыяктуу Интернет трафигинде маалыматтардын кыймылы орун алган. Чаржайыт, такталбаган, жалган маалыматтарды ооздуктоо – сөз эркиндигине тыюу салууга кирбейт.
“Мында жарандардын эркин пикир билдирүүсүнө чектөө коюлбайт. Фейк-аккаунттар аркылуу айрымдар өз түшүнүгүн элге таңуулоону каалайт жана дайыма эле ал түшүнүктөр пайдалуу боло бербейт. Көбүнчө жалган, коомчулукту ызы-чууга батырган маалыматтар таратылат. Фейк-аккаунттарга тыюу салынса, шайлоо өнөктүгүндө жалган маалымат таратуу ресурсу жок калып айрым партиялар кыйналышы мүмкүн”, - деди Гүлшат Асылбаева.