Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге Сох анклавынын тургундары кайрылышты. Алар президенттен Кыргызстан аркылуу коридор ачууну жана Чечме айылындагы булакты кайтарып алууну талап кылышкан.

 Тургундар Чечме булагы жайгашкан аймак өзбектердики болгон, кийинчерээк кыргыздарга сатылып кеткен деп эсептешет.

“Мындан башка да биздин тургундар кыргыздарга сатып жиберген жерлерди кайтарып бериңиз. Кыргызстан аркылуу коридор ачыңыз. Анклавдан чыгуу үчүн биз постко акча төлөөгө мажбур болуп жатабыз”, - деп айтышкан кайрылууда.

Андан сырткары сохтуктар Фергана облусунун акиминин иштеп кетишин да талап кылышкан. Алардын айтымында, Шухрат Ганиев бул жактан кеткиле деген. Тургундар акимдин мындай мамилесин өздөрүнүн улутуна - тажик экендиктерине байланыштырышкан.