Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2032 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 20 адам сакайып, ооруканадан чыгарылган.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус илдетинен айыккандардын саны 1445 адамды түзөт.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 18 адам;
- Чүй облусунда 7 адам.