- “Эл бийлиги - Элге, Эл байлыгы – Элге” деген идеяны көтөрүп жүргөнүңүзгө эмне түрткү болду?

 - Кыргыз Республикасынын Конституциясында “бийликтин да, байлыктында ээси Кыргыз эли” деп кашкайып жазылып турат. Тилекке каршы, көз карандысыз мамлекет болгондон баштап, кыргыз эли өзүнүн бийлигине да, байлыгына да ээ болбой келет. Элдин бийлигин Президенттер урзурпациялап келишсе, элдин байлыгын болсо чет мамлекетик компаниялар ит бекер ташып кетип жатат. Биздин максат ошол Конституцияда жазылгандай, “элдин бийлигин - Элге, Элдин байлыгын – Элге” кайтаруу.

- Элдин байлыгы болгон “Кумтөр” алтын кени кандайча кыргыз элинин кызыкчылыгына иштебей жатат?

- “Кумтөр” алтын кени боюнча чоң афера 2003-кылкы келишим болгон. Ал келишимге ылайык Кыргыз Мамлекетин үлүшү 67пайыздан 33пайызга түшүп калган. Буга ошол убактагы Жогорку Кеңеш каршы болгон. Андан кийин Башкы прокурор А.Бекназаров тарабынан кылмыш иши козголгон. Кийин ал киши кеткенден кийин токтоп калган. Маселенин чечүү жолу ошол кылмыш ишин жандандырып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, 2003-жылкы Башкы келишимди жокко чыгарыш керек. Буга бир гана саясий эрк жана мекенчилдик сезим керек.

- “Жерүй” алтын кениндеги маселени туруктукк көтөрүп келесиз. Бул жакта абал кандай?

- “Жерүй” алтын кени 2015-жылы А.Атамбаев президент, Д.Зилалиев геологияны агенттигин жетекчиси, Б.Табалдиев УКМКнын төрагасы болуп турганда Кыргыз мамлекетине 1пайыз үлүшү жок шартта, Россиялык олигарх Муса Бажаевдин “Востокгеолдобыча” компаниясына конкурстук комиссиянын чечими менен берилип кеткен. Бул кылымдын аферасы болгон. Бул катаны азыркы бийлик оңдоп, кыргыз элинин пайдасына чечүүгө милдеттүү.

- “Альянс Алтын” компаниясы: “биз Жерүйгө 1млрд. доллар акча каражатын жумшадык” деп айтып келүүдө?.

- Бул карандай калп. КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-февралында 41-буйругу менен бекитилген конкурстун шартынын 15-пунктунда көрсөтүлгөн талапты «Альянс Алтын» ЖЧК бурмалап коомчулукка туура эмес жеткирип жатат. Конкурстун шартында: «мурунку лицензиат менен соттук иштерде КР кызыкчылыгын коргоо, соттун чечими болсо» деп көрсөтүлгөн. Ал эми мурунку лизензиат болсо «Жерүйалтын» ЖАК болгон. Анын 60пайыз «VISOR» инвестициялык тобуна, ал эми 40пайыз «Кыргызалтын» ААКна таандык болгон. «Кыргызалтын» ААК өзүнү 40пайыз таламын талашаканы, талашпаганы белгисиз. КР Жогорку Сотунун Кыргыз Өкмөтү «Жерүйалтын» ЖАК лицензиясын туура жокко чыгарган деген чечими бар. Эгерде лицензия туура жокко чыкса биз эмне үчүн 580млн. доллар «VISOR» инвестициялык тобуна төлөп беришибиз керек? Курулган ишкананын баасы 300млн. ашып жатса, курулбаган ишканага эмне үчүн 580млн. төлөп беришибиз керек? «VISOR» инвестициялык тобунун Жерүйгө кеткен чыгымына аудит жүргүзүлгөн эмес! Афера ушундай схема аркылуу жүргөн. Конкурстун шарты боюнча соттун чечим болуш керек эле. Бизге келген Соттук өкүлчүлүк борбордун катына таянсак соттун чечими жок! Анан эмне үчүн «Альянс Алтын» Визорго 580 млн. доллар төлөп бериш керек? 2016-жылдын 4-июлунда Жерүй боюнча коомдук угуунун протоколунан. «Альянс Алтын» ЖЧКнын директорунун милдетин аткаруучу Рахматов С.Н. айтып жатат: «Визор» компаниясынын КР Өкмөтүнө 580 млн. доллар койгон доо арызын жөнгө салууну өзүнө алган деп. Конкурстун шартында жөнгө салуунун ордуна Визорду эл аралык соттор КР кызыкчылыгын коргоп утуш керек болчу. Анткени Визор КР Өкмөтүнө Жогорку Соттон утулуп калган. Анан кайдагы 580 млн. доллар? КР Башкы прокуратурасы укуктук баа бериш керек. Мамлекеттик жана Өкмөттүк комиссиялар түзүлүп ушул жагдайлар терең изилдениш керек!

- “Жерүй” боюнча конкурстук комиссияга кимдер кол коюшкан?

- 5 млрд. доллар алтындын кору бар “Жерүй” алтын кени Кыргыз Өкмөтүнө 0пайыз үлүш берген Россиялык ОАО «Восток-гоелдобыча» (кожоюну россиялык олигарх Муса Бажаев) ишканасы конкурсту утуп, ал эми Кыргыз Өкмөтүнө 50пайыз берген Кыргызстандык ишканабыз ОАО «Кыргызалтын» утулуп калган. Конкурс, тендерлерде ата мекендик ишканаларга артыкчылык берилиш керек деп эсептейм. Кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген, коррупциянын элементтери бар конкурс. Бул кенди өзүбүз иштетсек толук болмок. Протоколго Тоо-кен комитеттинин төрагасы Дүйшенбек Зилалиев, ЖК депутаттары Галина Скрипкина, Кенжебек Бокоев, Райкан Төлөгөнов, И.Гусаров ж.б. министрликтердин өкүлдөрү кол коюшкан. Таластын губернатору менен Талас районунун акиминин колу жок! Бул кылымдын аферасы! Кол койгон адамдар бул чыккынчылыктары үчүн жооп бериш керек!

- “Альянс Алтын” азыркы убакытка чейин түзүлгөн фонддорго жалпысына канча акча которду жана ал акчалар кандай сарпталып жатат?

1. Талас облусуна ( «Талас областык өнүктүрүү фонду») – 170 млн. сом

2. Талас районуна («Талас райондук өнүктүрүү фонду») - 170 млн. сом

3. «Бекмолдо» айыл окмотуно - 170 млн. сом

4. «Бакубат Талас» фондусана 450 млн. сом.

Жалпы сумма 960 млн. сом. 1 млрд. сомго жакын акча каражаты кайда кетти, кантип сарпталып жатат бул чоң суроо. Канча ишкана ачылды? Канча жумушчу орун түзүлдү? Эл отчетун алып, акчалар кандай сарпталды тыкыр иликтеш керек. Менин жеке пикиримде мындай чоң суммадагы акчаларды пайда алып келбеген тармакка жумшабай, пайда алып келе турган, элди жумуш менен камсыз кыла турган ишканаларды ачуу керек. Ал ишкана пайда алып келгенден кийин, ошол пайданы социалдык долбоорлорго жумшоо туура болмок. Бөлүнгөн акчаны жөн гана пайда алып келбеген тармакка коротуу жеңил иш.

- “Жерүй” кенин канткенде элдин пайдасына чечсе болот? -

Мамлекеттик комиссия түзүп, баардык маселелерди иликтеп, “Альянс Алтындын” кожоюну Муса Бадаевди Кыргызстанга чакырып сүйлөшүлөрдү жүргүзүү керек. Болбосо бизде мыйзамдуу рычагдар бар. Ошолорду пайдаланыш керек. Элдин бийлиги – Элге. Элдин байлыгы – Элге!

Булак: "Майдан.kg" газетасы