Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  бүгүнкү онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын  жалпы саны 1974 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 20 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ошону менен өлкөдө коронавирус оорусунан айыккандардын баардыгы 1360 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 9 адам;

- Нарын облусунда 3 адам;

- Ош облусунда 2 адам;

- Ош шаарында 11 адам;

- Жалал-Абад облусунда 2 адам;

- Чүй облусунда 10 адам;

- Баткен облусунда 1 адам.