Кыргызстанда биринчи жолу онлайн-митинг бүгүн, 5-майда кечки саат 8де болду. Митингдин катышуучулары түз эфирде эмнеден тажашканын айтып беришти. 

Алардын бири Адмир Курман аттуу соцтармактын колдонуучусу мамлекеттик кызматкерлердин тез эле дүнүйө-мүлк топтоп, үйлөрдү куруп жиберишкенинен тажаганын белгиледи. 

"Укук коргоо кызматкерлери жана башка күч түзүмүндө иштегендер кайсы акчага үйлөрдү куруп жатышат? Блогерлердин, бейөкмөт уюмдардын, кичи ишкерчиликтин, биз төккөн салыкка эмеспи. Силер чындыкты айткан адамдардын тагдырып талкалап жатасыңар! Жарандарды кордоочу мыйзамдарды жазасыңар. Силер балдарыңар кийин эли кор болгон, дайыма капалуу жүргөн өлкөдө жашасын дейсиңерби? Балдарыңарга кандай келечек каалайсыңар?" - деп мамлекеттик кызматтар иштегендерге суроо узатты.