Бүгүн, 5-июнда саат кечки 8де Кыргызстанда биринчи онлайн – митинг өткөрүлөт. Ал  #Тажадым белгисинин алдында болот. Митингге Кыргызстандагы жана Кыргызстандан сырт жашаган бардык мекендештер катышат.

Акциянын катышуучулары өлкөдө болуп жаткан окуяларга нааразычылыгын билдиришет. Текст жана видеокайрылуу менен күн сайын кездешип жаткан маселелерди #тажадым хештэги менен жолдошот.

 Уюштуруучулардын айтымында тажагандардын көбү өлкөдө коррупциянын жана кылмыштуулуктун өнүгүп-өсүп жатканына, өкмөттүн жана депутаттардын ишмердүүлүгүнө, мамкызматтардагы бюрократияга, экономикалык жана социалдык кыйынчылыкка нааразы.

Модераторлор – Эркин Рыскулбеков жана Эркин Нурбаев.

Митингге катышуу үчүн Инстаграмда @tajadym, Фейсбукта #Тажадым баракчасына катталуу керек.