Дарттын айынан эки буту баспай калган белгилүү ырчы Малик Аликеев 11-июнда шаарга келет. Аны алдыртууга маданият, маалымат жана туризм министи Азамат Жамангулов атайын транспорт жөнөтөөрү белгилүү болду. Бул тууралуу ырчынын кесиптештери билдиришти. 

Малик Аликеев учурда Таластын Көпүрө-Базар айылында жашап жатат. Дарыгерлердин айтуусу боюнча июнь айында текшерүүдөн өтмөк, эгер организми жооп берсе, анда бутуна операция жасалат. Белгилүү хирург Сабырбек Жумабеков ырчыга бекер операция жасап берүүнү убадалаган. Бирок керектүү жабдыктарга жана дары-дармекке каражат сарпталат. Мындан улам ырчылар баштарын бириктирип, Малик Аликеевге жардам берүү акциясын башташкан. Миң сомдон 10 миң сомго чейин каражатын аябаган кесиптештери жакын арада чогулган акчаны Аликеевге тапшырышат.