Радиожыштык спектрин пайдалануудагы лицензияларды кайра каттоо боюнча кылмыш иши Аскер прокуратурасынын өндүрүшүнө өткөрүлүп берилгенин Башкы прокуратурадан билдиришти.

Анда айтылгандай 2020-жылдын 7-апрелинде УКМКда Кылмыш Кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүнө (“Коррупция”) ылайык кылмыш боюнча сотко чейинки өндүрүш катталган. Маалыматка караганда мамлекеттик тармактык кызматтардын жооптуу адамдарынын ич ара сүйлөшүүсүнүн негизинде радиожыштык спектрин пайдалануу технологиясы жана лицензияларды кайра каттоо ишинде жеке компаниялардын кызыкчылыгы корголуп, аны менен мамлекетке зыян келтирилген.

 Башкы прокуратура билдиргендей, бул окуянын айрым жагдайларында күч түзүмүнүн кээ бир кызматкерлеринин кызыкчылыгы бардыгы аныкталгандыктан, 2020-жылдын 11-майында Аскер прокуратурасына мекемелер аралык тергөө-ыкчам тобун түзүү үчүн иштин материалдары өткөрүлүп берилген. Тергөө ыкчам тобуна УКМКнын, ИИМдин жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлери кирет.

Бул тергөө мамлекеттик ишмердүүлүктүн олуттуу тармагын камтыгандыктан аны ачыкка чыгаруу мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыгында кесепеттерди жаратат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын 6-мыйзамынын (“Мамлекеттик кызыкчылыкты сактоо тууралуу”) талабына ылайык, сотко чейинки өндүрүш материалдарына “жашыруун” белгиси коюлду.

Эске салсак, бул чырлуу ишке премьер-министр Абылгазиевдин да катыштыгы бардыгы айтылууда. Мындан улам өкмөт башчы кыска мөөнөттөгү эмгек эргүүгө кетүүгө аргасыз болду. Анын ысымы аталган ишке капысынан “жашыруун” белгиси коюлуп калганын коомчулук ар башкача кабылдоодо. Айрымдар премьер-министрдин катыштыгы болгону үчүн аны элден жашыруу амалы жасалып жаткандай түшүнүштү.