Москва шаардык соту кыргызстандык Исламбек Акбаровго чыгарган биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарды. Эске салсак, Исламбек Акбаров россиялык миллиардер Владимир Маруговдун уулу Александр Маруговдун өлүмүнө шектелген.

Россиялык басылмалардагы маалыматтарга караганда биринчи инстанциядагы сот кыргызстандыкты күнөөлүү деп таап эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн кабыл алган. Бирок айыпталуучунун адвокаты апелляциялык арыз берген. Арыз 3-июнда каралып, кыргызстандыкты эркиндикке чыгарды.

Белгилей кетсек, Исламбек Акбаров катышкан жол кырсыгы кыргыз-орус коомчулугунда резонанс жараткан. Белгилүү орус журналисти Андрей Малаховдун “Түз эфиринде” олигархтын уулунун өлүмү атайын жасалган иш катары белгиленген. Малахов “жүз миң рубль үчүн кыргызстандык кандай заказ болсо аткараарын, ал акча менен бир айылды багып коюшаарын” айткан. Бул кыргыз коомчулугунун катуу нааразычылыгын жаратып, акырында журналист кезектеги көрсөтүүсү аркылуу кыргыз элинен кечирим сурап кутулган.

 Аталган көрсөтүүгө Кыргызстандын Россиядагы өкүлү барып, маркумдун энеси Татьяна Маруговадан кечирим сураган. Ал айыпталуучуга доосу жоктугун эл алдында айткан.

Айрым маалыматтар боюнча, кырсыктын өлүм менен аякташына Александр Маруговдун мотоциклин катуу ылдамдыкта айдап келатып, кыргызстандыктын машинесине урунганы себеп болгон.