Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын жалпы саны 1936 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 48 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан айтканда республикада 1340 адам айыкты.  Ал эми, акыркы суткада дагы 2 бейтап коронавирус оорусунан каза тапты. Ушуну менен Кыргызстанда  коронавирус илдетинен  22 адам каза болду.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 14 адам;

- Нарын облусунда 6 адам;

- Ош облусунда 5 адам;

- Ош шаарында 1 адам;

- Ысык-Көл облусунда 3 адам;

- Чүй облусунда 7 адам;

- Баткен облусунда 1 адам.