Укук коргоочу Эркин Убышева соцтармактагы баракчасына депутат Евгения Строкова өмүр баянына 2003-жылдан 2007-жылга чейин жарандык коомду колдоо борборлорунун Ассоциациясынын “Көп тилдүү билим” долбоорунда иштегенин белгилегенин, бирок бул чындык эместигин жазып чыкты.
Укук коргоочунун айтымында, аталган жылдар аралыгында ал уюмдун директору болуп иштеген жана Евгения Строкованын долбоор менен иштегени эсинде жок. Мындан улам Эркин Убышева депутатка минтип кайрылган:
“Маектериңиздин биринде сиз батыштан каржылануучу бейөкмөт уюмдарын “чет өлкөлүк агенттер” деп атадыңыз. А эгер сиздин АЦПГОдо иштегениңиз чын болсо, анда моюнуңузга алыңыз – чет өлкөлүк агент катары кайсы мамлекетке иштедиңиз эле, кандай ишмердүүлүк жүргүзгөнсүз... АЦПГОдо иштеген беш жылда алган айлык акыңызды кайтарып бериңиз, биз аны Балдар хосписине жардам иретинде которуп коелу. А эгер андай болбосо, анда бизден, шайлоочулардан өмүр баяныңызга жалган маалыматты жазганыңыз үчүн кечирим сураңыз”.
Евгения Строкова өз кезегинде Эркин Убышеваны тааныбай турганын билдирди. Ошондой эле эл өкүлү өмүр баянында бир гана чындык жазылганын, АЦПГОдо чындап эле иштегенин, ал турмак “Тиль-Диль” долбоорлорунун бирине куратор болгонун ачыктады. Айтымында, андан кийин ал жактан кетип, окутуучулук кесибине баш-оту менен киришкен. Аталган уюмдун курамында болгонун тастыктаган бардык сертификаттары бардыгын да кошумчалады. Бирок, ал сертификаттар кайда калганын эл өкүлү унутуп калганын да белгиледи.
Белгилей кетсек, Евгения Строкова парламенттин жыйынында коммерциялык эмес уюмдарга багытталган мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү тез арада кабыл алуу керектигин айткан.