Журналист Олжобай Шакир жубайы Назгүл коронавирус инфекциясына чалдыкканын соцтармакка жарыялады. 

"Коронавирус менин үйүмө да келиптир", - деп жазган журналист элдин бул дарттын бардыгына ишенбей жатканына кейиген. 

"Үйдө карантиндин эрежелерин так сактап, кошуналар менен да кол алышып учурашпай жатканбыз. Жубайым туугандарыныкына барып жуктуруп алыптыр. Кечээ Канттагы инфекциялык ооруканага жатты. Бүгүн ӨКМнын кызматкерлери келип үйдүн ичи-тышын дезинфекциялап жатышат. Мен муну эмнеге айтып жатам? Кыргыздар кенебестик кылып, тоготпой жатабыз", - деген Олжобай Шакир Тез жардам унаасынын дарыгерлери эки айдан бери үй-бүлөсүн көрө электигин, дайыма жумушта болуп буттарын тарта албай калышканын айтканын кошумчалаган. 

"Биз эмес кубаттуу деген Америка эмне болду? А биз дагы деле камырабайбыз. Жок дегенде дарыгерлерди ойлойлу", - деди. 

Айтымында, жубайындагы илдеттин белгилери алгач жыт, даам сезбей калуу менен башталган. Анан барып тамагы кызарып ооруган. Атайын текшерүү анализинен кийин гана коронавирус илдети бардыгы аныкталган.