Кыргызстандын бир укум жери жөнүндө сөз жүрсө, талаш жаралса бүт кыргыздын жүрөгү зырп деп, “Мен кыргыздын баласымын”- дегендер козголоору мыйзам ченемдүү иш. Анткени Кыргыздын ар бир карыш жери бизге өткөн ата бабабыздан мураска калган. Баарыбыздын моюнубузга Кыргыз жеринин кылын кыйшайтпай, жумурткадай ташын кемитпей, укум жерин башкага жылдырбай келечек муундарыбызга өткөзүп берүү жоопкерчилиги жүктөлгөн. Бул өтө ыйык жүк. Оор жүк. Бирок аткарышыбыз керек.

Ошондуктан байыртадан бери келаткан, “Чегинен бир укумун эч кимге бастырбаган, бербеген, бүтүн сактаган Каган жакшы каган, Ал эми чегине бир укум жер сыртан кошкон Каган өтө мыкты Каган. Ал эми жеринен бир укумун бирєгє алдырып жиберген Каган эң жаман Каган”- деген нарк сөз бар. Көрдүңөрбү, мамлекетти байыткан, элди тойгузганга эмес жерди коргогонго баа берген. Анткени “Ачынган курсак тоюнат. Жыртылган кийим бүтөлөт”- деп коет. Жер гана өспөйт. Өзгөрбөйт. Кыскасы Мекенибизди көздүн карегиндей сакталышы керек.

 Түштүктө улам чекара маселеси боюнча талаш-тартыш жаралган сайын жүрөк зырылдайт. Чекарадагы талашты чечүү өтө оор иш. Ошондуктан “чек араны талкуулоо - согушту талкуулоо”- деп айтылат. Чек аранын чырын эч убакта эл чече албайт. Муну ачык айтышыбыз керек жана моюнга алышыбыз зарыл. Чек араны мамлекеттик бийлик гана чечет. Болгондо да өтө татаал сүйлөшүүлөр менен чечилүүчү иш.

 Чек ара эмоциялык кыйкырык-чакырыктар менен чечилбейт. Чек ара талаш акыл, токтоолук, калыстык, жеткилең ишмерлик менен чечилет. Эмоцияга алдырып кыйкырсаң каршылашың сенден ашык кыйкырбаса кем калбайт. Чек ара маселесине келгенде айрым саясатчылар саясый упай топтош үчүн ар кандай чакырык таштап, элге кайрылып, “чек арага чогула калалы, эл менен барып чек араны коргой салалы”- дегени өтө кара өзгөй акылсыздык. “Жакшы согуштан жаман тынчтык өйдө”- деген кеп бар. Чек ара талашы дайыма “согуш жыттанып” турат. Чекарада эгер акылың жетсе жерге төгүлүп былчылдаган бензинди тебелеп жүргөндөй жүрөсүң. Ширенке чага элегиңде өрт кетиши толук мүмкүн. Анан аны өчүрүш өтө кыйынга турат. Согуштан кудай сактасын. Ош окуясында эмне болдук эле? Ар бир жараныбыздын өмүрү кымбат.

 Каалайбызбы, каалбабайбызбы, чек ара маселесин чечүүнү бийлике ишенип беришибиз керек. Мамлекеттик бийликти ошон үчүн багып кармап отурабыз. Чек ара маселесин чечүүдө ар бир мүмкүнчүлүктү колдонууга аракеттенген да жакшы деп ойлойм. Маселен Россия “чек ара маселесин чечүүдөгү сүйлөшүүлөрүңөргө биз калыс болуп берели”- деген сунушун айтты. Эмнеге пайдаланып көрүүгө болбойт. Жакпай баратса токтотуп коюу чечимин бизден эч ким алып койгон жок да.

 Анан маселени бир жактуу карабай медалдын экинчи жагын да караганды унутпайлы. Эмне үчүн биз дайыма өзүбүздүн бийликти “чекара чырын чечпейт”- деп күнөлөйбүз да, “коңшу мамлекеттер эмне себептен бул ишти чоюп тез чечүүгө кызыктар эмес?”- дегенди ойлобойбуз. Алардын эли эмнеге бийлигине “чек ара маселесин тез чечкиле?”- деп кысым көрсөтпөйт? Эмне алар чырлашууга кызыктарбы? Андай эмес болсо керек. Маселе коңшу мамлекеттерде диктатуура күчтүү. Демократия биздегидей эмес. Ар ким каалаганын айта албайт. Өзүнө “дешевый пияр” жасап, саясый упай топтогусу келген саясатчылар чек арага чуркап бара албайт. Барса бир жеринен ошол чек аранын тикендүү зымы менен ороп туруп сүйрөтүп кетишет.

 Биздин эл бийликке “чек ара маселесин тез чеч”- деп эле кыйкыра бербей, “чек ара маселесин туура чеч. Бир укум жерибиз коңшу мамлекеттерге кетпегидей кылып чеч. Эгер эле бир укум жерибиз аларга оой турган болсо анда чечимди чыгарба. Макул болбо. Мейли тирешсе тиреше туралы бирок жерибизди бербейли”- деген талапты коюшубуз керек деп ойлойм. “Ачуу шайтан акыл дос”- дейт элибиз. Кайталайын чек ара маселесине келгенде жети өлчөп эмес жетимиш өлчөп чечкен туура деп айткым келет. Жөнү жок эмоцияга алдырбайлы.

Булак: "Майдан.kg" газетасы