“Жарандык авиация агенттигинин директорунун эл аралык авиакаттамдардын жанданышы тууралуу билдирүүсүндө так эместик орун алды.
КР аэропортторун 15-июндан тарта эл аралык авиабилдирүүлөрдү кабыл алууга даярдоо пландалып жатат. Ал эми эл аралык каттамдарды кайра жандантуу КР Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен ишке ашырылат.
Чет элдик жана ата мекендик авиакомпаниялар каттамдарын качан жана канча жолу ишке ашырышы боюнча жеке сунуштарын жиберүүдө”, - деп билдирди коронавирус инфекциясы менен күрөшүү Республикалык штабынан.
Эске салсак, буга дейре жарандык авиация Агенттигинин башчысы Курманбек Акышев брифингде Кыргызстан эл аралык аба каттамдарын 15-июнда ачаарын жарыялаган.