- “Садыр Жапаров “эл уулу”- деген өтө бийик жана ыйык атка конду. Мындай даңазалуу, легендарлуу, кылымдарга жана тарыхта кала турган инсан эли үчүн ак эмгек өтөө менен бирге адам чыдагыс азаптарды башынан өткөрүшү аттиң... зарыл тура... “Кумтөр” маселесин, КР ЖКнын ар бир чакырылышында изилдеп чыккан депутаттар болду, бирок эч кимиси С.Жапаровдой терең изилдеп, аягына дейре өз позициясында калган жок, канча азап чекпесин... Болгондо дагы таналгыс, эч ким четке кагалбаган фактылар менен... Жапаровдун изилдеген материалдарынан, Жогорку Кеңеште айткан сөздөрүнөн төмөнкү чындыкты, дагы бир жолу кайталап койсом:

1. “Кумтөрдөн” канадалык компания жылына 20 тонна алтынды, келишим менен тышка чыгарышат, б.а. официалдуу түрдө, бул деген 1,0 млрд америкалык доллар, о.э. «левый» жол менен дагы 20 тонна, бул деген дагы 1,0 млрд америкалык доллар... экөөнү кошсок 2,0 млрд.доллар дегенди билдирет (бул маалыматты Садыр Нургожоевич 2012- жылы айткан, азыр абал кандай, биз билбейбиз)...

2. Садыр Жапаров эмне себептен “Кумтөрдү” уллутташтырсак деген, анткени канадалык компания «Камеко» биздин алтынды күрөөгө коюп кредит алышып, бүт фабрика ж.б. курулуштарды курган “Кумтөрдөгү”. Күрөөгө (залог) биздин алтын коюлгандыгын Садыр мыйзамдын негизинде далилдей алды жана улутташтурууга толук, мыйзам ченеминде мүмкүнчүлүк бар экенин ачык айтты, тилекке каршы мурунку бийлик, КР ЖКтин V-чакырылышынын коалициялык көпчүлүккө кирген, бизнеси бар депутаттар Жапаров даярдаган токтомго каршы чыгышкан. Өкүнүчтүүсү, кыргыз элине таандык алтынды бүгүнкү күнгө дейре казып чыгып кетүү менен чектелбестен, алтындан да кымбат суу, мөңгүлөрдү талкалашып жатканы, биздин негизги байлыгыбыз суу менен электрэнергияга эбегейсиз зыяны тиери анык. Эгерде “Кумтөрдү” 2012 -жылы улутташтырганда, мамлекетибиз эбак эле, бүтүндөй тышкы карыздан кутулуп, өз алдынча кредит албай, өнүккөн өлкөгө айланат элек, бул талашсыз чындык.

3. С.Жапаровдун КР ЖКнин комиссиясынын төрагасы катары “Кумтөр” маселесин иликтєєдє, маалымат берүүдө, токтомду жогорку деңгээлде даярдаганын көптөгөн чет өлкөлүк эксперттер таң калышып айтканы... албетте Садыр Жапаровдун мекенчил, өтө билимдүү жана өз элинин бакубат жашоосун каалаган, мамлекеттин өнүп-өсүшүн тилеген күчтүү саясатчы жана мамлекеттик ишмер экенин далилдей алды.

4. С.Жапаровко эң жакын достору аркылуу 100 млн.америкалык доллар «пара» сунуштаганда, өтө ачуулануу менен четке каккан, анткени “Кумтөргө” жакын райондордо, бир эле мал-жандык эмес, оорулуу балдар төрөлө баштаган... элин, жерин ойлогон чыныгы кыргыздын уулу-Садырдай болуш керек.

5. “Кумтөрдү” иштетип жаткан ( Камеко, Кумтөр оперейтинг компания, Кумтөр голд компания, кийин Центерра) компания Монголия Өкмөтү менен көлөмү биздин “Кумтөрдөй” болгон алтын кенин иштетүүгө келишим түзөт, Садыр Жапаровдун КР ЖКде берген маалыматынан жана жарык көргөн китебинен соң Монголия республикасынын Парламенти монгол элине таандык алтын боюнча канадалык компания менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарган. Мени өкүндүргөн, намысыма тийген нерсе - Садыр Жапаровдун изилдөөсүн Монголия Парламенти туура пайдаланганы... Ал эми биздин Парламент эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кыла албагандыгыбыз, өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюшканы... аттиң кыргыз намыскөй эл элек го...

6. Садыр “Кумтөрдүн” алтынын элге кайтарам деп, адилетсиз камалды... Атасынан, апасынан айрылды, чындык үчүн адам чыдагыс азаптарды тартып келет... Аягында чырактай уулунан айрылды... көрсө чындыктын жолу өтө азаптуу, узун, саткынчылык, көрөалбастык, ырайымсыздык, намыстан акчаны бийик койгон каракчылардын ж.б.у.с. тоскоолдуктардан өтүү керек экен.

Садыр, сен көргөн азапты, эч ким көрбөсүн, бирок сендей болуп, Эл уулу деген ыйык, бийик атка конгон уулдарыбыз көп болсун. «Ак ийилет, бирок сынбайт», сендеги кайрат, сабырдуулук, күч, намыс, мекенчил сезимиң, эл үчүн соккон өзгөчө жүрөгүң жана сендеги «дух» ар бир кыргыздын уулунда болсо дейм... Өмүрүң узун болсун, элиң үчүн болгон жалгыз тилегиң, “Кумтөр” элдин кызыкчылыгы үчүн, эртеби кеч иштээри анык, андай болбосо... Сен эмнеге ошончо азап чектиң?...

Булак: "Майдан.kg" газетасы