Жогорку Кеңеште бүгүн шайлоо чегин 9 пайыздан 7 пайызга ылдыйлатуу боюнча мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбооруна эл өкүлдөрүндө суроолор жаралбады, баары тең босого чекти ылдыйлатуу зарыл деп табышты. А бирок шайлоо күрөөсү арзандаган жок, талапкер партиялар мурдагыдай эле беш миллион сом төлөмөй болушту. Ал турмак депутат Нурбек Сыдыгалиев бул сумманы 10 миллион сомго көбөйтүүнү да сунуштап жиберди.

Ал эми Тазабек Икрамов демилгелеген коррупцияга шектелген жана соттолгон адамдардын жана анын жакындарын, балдарын шайлоодо талапкер болуу укугунан ажыратууну негиз кылган мыйзам долбоору өткөн жок. Ал концепцияга туура келбеген талкуулоочу документ катары жокко чыгарылды.