- Кеңешбек мырза, “Чоң казатчыларды” коштогондордун арасында “2010- жылдан кийин байыгандардын байлыгы да иликтениши керек”- дегендер пайда болду. Буга не дейсиз?
- 2010-жылы апрель революциясынан кийин байыгандардын мүлкү сөзсүз иликтениши керек. Иликтөөнүн жүрүшү, жыйынтыгы коомго, элге ачык жарыяланышы керек. Башын сайып, курмандыкка барган мекендештертердин баатырдыгы Атамбаевдин жана анын кєрпенде командасынын кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекет, элдин келечеги үчүн болгон курмандык экени так, даана айтылышы керек.
- Коомдун көңүл борборуна айланып бараткан “Чоң казатчылардын” аракетинен эмнени байкадыңыз? Алардын аракетин кандай кабыл алдыңыз?
- “Чоң казаттын» лидерлери айтып чыгышпадыбы, бул күзүндө боло турган парламенттик шайлоого карата болгон PR-компаниянын биринчи кадамы деп. Мен деле ошондой кабыл алдым. Чоң шайлоого катышуу үчүн популисттик ызы-чуудан башка терең, көп тармактуу идеологиялык программа, уюштуруучулук чоң ишчаралар, региондордо жана мамлекеттик деңгээлде штабдык структуралар, электоралдык жана саясий-коомдук колдоо, абдан чоң материалдык-каражат ресурстары керек. Бул жагын мен көрбөй турам. Ошондуктан мен “чабал өрдөк эрте учат» деген макалдын мааниси бул жерге туура келет деп ойлойм.
- Айтканыңызга ынаналы, бирок “Чоң казаттын” көтөргөн маселесинен кийин Кубанычбек Жумалиевдин үйү тинтүүгө алынды. Мындай нерсенин арты эмнеге алып барышы мүмкүн?
- Кубанычбек Жумалиев гана эмес, арам дүнүйө чогулткандардын баары текшерилип, жооп бериши керек. Бирок, адал эмгек менен тапкандарды коргоо боюнча мыйзамдуу механизмдерди иштеп чыгуу да зарыл. Биздин коом эртели-кечпи тазаланууга барат, бирок ал жарандык каршылашууга, согушка алып барбашы керек.
- Жумалиевдин куран кармаганы эмнеге мааниге ээ болгон жок?
- Чынында куран кармап карганганды мен туура көргөн жокмун. Бир адамды алдаса болот, көп адамды алдаса да болот. Биздин тарыхта баарына калп айтып, элдин ырыскысын уурдап, алдаган президенттер болгон. Бирок кудайды эч ким, эч качан алдай алган эмес. Ошондуктан чындык ким тарапта экенин Кудайдын акыйкаттыгы, калыстыгы тез эле көргөзүп койот.
- Жапыкеевге эки оор берене менен кылмыш иши козголгону демиңерди баскыла деген сөзгө барабар иш болгон жокпу?
- Жапыкеев кандайдыр бир деңгээлде коомду кызыктырган маселелерди көтөрүп, андан колдоо тапканын мойунга алышыбыз керек. Кептин баары текшерүүнүн, тергөөнүн жыйынтыгында. Эгерде анын айткандары жүйөөлүү болуп, далилденсе, анда анын чочуй турган эч нерсеси жок. Эгер популисттик ой максаттар менен, кандайдыр бир кызыкчылык үчүн туура эмес, далили жок нерселерди айтса, ал юрист катары жооп берерин билет да. Коомчулук да билиши керек, кыска ой, кандайдыр бир кызыкчылык үчүн жасалган нерсе, мыйзам чегинен чыгып кетсе, сөзсүз жоопкерчилик болушу керек.
- Атамбаев өзүнчө тосулган жерде отургусу келбегени үчүн сот анын катышуусу жок боло турган болду. Бул туура эле процесспи?
- Мыйзамдын алдында баардык жарандардын укуктары бирдей. Күүнөөлөнүп, сот жообуна тартылып жаткан адамдардын баардыгы катары менен, бир жерде отуруусу керек. Бул мыйзамдын талабы. Эмне үчүн сот процессинин башынан тартып бул талап аткарылган жок. Бул Атамбаевдин тандап алган сотторунун ага берген жардамы болсо керек деп ойлойм. Эгер ал мыйзамдын талабына моюн бергиси келбесе, анда сот тиешелүү чара көргөнү туура болот. Башкача чечим чыгып калат деп кооптонсо, анда мыйзамды сыйлап, укуктун негизинде өзүнүн кызыкчылыгын адвокаты менен чогуу коргосун. Бул жерде артист болуп, оюн койгондун кереги жок.
- Антимитиг бийликтин алсыздап баратышын шарттабайбы?
- Митинг-антимитингбиздин жаны тарыхыбызда көнүмүш нерсе. Чоң саясий процесстердин астында боло берчү окуя. Алдыда андайдын далайы болот. Оор жагына кетеби, кетпейби - ал бийлик органдарынын адекваттуулугуна жараша болот.
- Радио жыштык боюнча коррупцияда премьердин да аты аталып жатат. Президент коррупция менен күрөштү эсинен чыгарып, бу сапар да коргоп чыкпайбы?
- Радио жыштыктар боюнча өкмөт башчынын тикеден тике күнөөсү болсо президент анын коргоп чыкпайт деп ойлойм. Коррупция менен күрөшүүдө Сыймык Жээнбеков артка кетпейт. Өзүнүн командасынан, күнөөсү болсо, далилденсе, эч кимди аябайт. Ал үчүн бирөөнүн кызыкчылыгынан тарыхтын, элдин алдындагы жоопкерчилик жогору.
- Баса, чек ара маселесинде тажик тарап дайыма “биздин жер” деп сүйлөйт. Эмне үчүн Кыргызстан тараптагы чиновниктер чек арага тушташ жашаган элдин ачуусун келтирип, “талаштуу жер” деп сүйлөшөт?
- Чек ара ар бир кыргыздын жүрөгүн ооруткан маселеге айланды. Азыркы өкмөттүн кебетеси, анын иш жөндөмдүүлүгү эч качан чек ара маселесин чечпейт, чечкенге мээси да, кудурети да жетпейт. Өкмөткө улутчул, мекенчил күчтөр келмейинче чек ара да, башка да тагдыр чечүүчү маселелер да чечилбейт. Бул жагынан президент Сооронбай Жээнбеков чечкиндүү кадамдарга барса, эл да, коом да, мекенчил күчтөр толугу менен колдоп, иштерибиз тез эле оңолооруна эч кандай күмөн жок.
- Шайлоо жакындаган сайын Кыргызстанда башкаруунун түрлөрү тууралуу кеп болот. Негизи бизге кандай башкаруу ыңгайлуу? Башкаруунун кайсыл түрүн кабыл алсак, мамлекетибиз өнүгөт?
- Негизинен парламенттик, президенттик же аралаш башкаруу системасы принципиалдуу эмес! Башкаруунун ар бир формасы менен өзүнчө жашашып, эң мыкты өнүгүп жаткан мамлекеттер дүйнөдө толтура. Кеп бийликтин формасында эмес, мазмунунда! Кыргызчага которгондо, бийликтин калыстыгында, акыйкаттулугунда, ыйманында, чынчылдыгында, абийринде, нарктуулугунда.
- Кеңешбек мырза, Кыргызстан башынан эки революцияны өткөрдү. Андан мамлекетке пайда таптыбы же системаны өзгөртөбүз деп атып, бардык нерсенин таш-талканын чыгарып алдыкпы?
- Коом эл чоң сабак алды деп эсептейм. Өнүгүү ызы-чуу эмес, жан дүйнөнү, рухту өзгөртүү жолу, атабабадан калган нарктуулук, барктуулук, акыйкаттык, чындык, калыстык, ыймандуулук деген принциптердин, илимий-техникалык заманбап методдордун негизинде болуусу керек экендигин көпчүлүгүбүз түшүнүп калдык. Биздин эл, коом бул этапдардан өтүшү керек болчу. Өнүгүп, өскөн мамлекеттердин баары муну баштарынан өткөрүшкөн.
- Эми революция болсо, байларды тонойбуз деген топтор бар деген маалыматтар айтыла баштады го?
- Радикалдуу, популисттик күчтөр революция мезгилинде эле эмес, тынч жашоо убагында деле боло берет. Шайлоонун астында болуп жатканы табигый эле көрүнүш. Бирок алардын мыйзамды тебелеп-тепсеп, чектен чыгып кетпешине укук-тартип сактоочу органдар, күч структуралары тыкыр көзөмөлдөп, керек болгон учурда тиешелүү чараларды көрүп турушу керек.
Булак: "Майдан.kg" газетасы