УКМК “Свобода” радиосунун башчысы Джейми Флайга кайрылуу иретиндеги маалымат таратты. Анда Айеркен Саймаитинин ишмердүүлүгү боюнча журналисттик иликтөө жасаган жасаган жана маркум менен бетме бет сүйлөшкөн журналисттер ушул убакка чейин суракка келбей жатышканы айтылган. Ошондой эле журналисттик иликтөөлөрдүн толук кандуу материалдарын күч кызматтарына өткөрүп берүүнү эчактан убалашса да, дагы деле аткарышпаганын да белгилеген.

Ал эми “Азаттык” жарым жыл мурда иликтөөгө пайдаланылган бардык материалдар – анын ичинде видео жана аудио түрүндөгү документтер да берилгенин билдирди.

 Иликтөөнү жүргүзгөн журналисттер Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаков учурда чет өлкөдө экени белгилүү.

Эске салсак Кыргызстандан ири суммадагы акчанын чыгарылып кетиши боюнча “Азаттык” өткөн жылы иликтөө жасаган. Ал андагы башкы фигуралардын бири – кытайлык Айеркен Саймаити киши колдуу болгондон кийин жарыяланган.