Бишкек мэриясынын маалыматына караганда бүтүрүүчүлөргө аттестаттар бекер берилет. Эгер аттестаттын дубликатын алууга туура келсе, ошондо гана акча төлөнөт. Сырткы дубликатка – 41 сом, ал эми ичкисине – 20 сом. Мында төлөм банк аркылуу гана жүргүзүлөт. Бул маселе социалдык саясат боюнча вице-мэр Татьяна Кузнецованын жеке көзөмөлүнө алынган.

 “Билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, мектептердин жана бала бакчалардын директорлоруна жана педагогдоруна кайсы бир нерсе үчүн ата-энелерден акча чогултууга такыр тыюу салынган”, - дейт мэрия.

Мындан улам муниципалитет аттестат үчүн акча төлөө талабына кабылган жарандардан аудио-фото-видео далилдерди Татьяна Кузнецованын жеке ватсап номерине – 0554 312038ге жөнөтүүнү суранат.