Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн чек ара маселеси каралат. Депутаттар биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду жыйынга чакырышты. Алар Бороновдон Сох анклавында чыккан чыр боюнча Өзбекстандын биринчи вице-премьер-министри менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы тууралуу уккулары келет.
Маселе жабык эшик артында карала турган болду.
Эске салсак 31-майда чек ара жакын жайгашкан кыргы-өзбек тараптардын чатагы орун алган. Эки өлкөнүн жарандары Чечме булагын талашкан.