Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын  жалпы саны 1899 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 27 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпысынан айыккандардын саны 1292 адамды түзөт.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 15 адам;

- Нарын облусунда 1 адам;

- Ош облусунда 6 адам;

- Ош шаарында 4 адам;

- Ысык-Көл облусунда 1 адам;

- Чүй облусунда 1 адам.