СИЗО-1 мекемесинде камакта жаткан Даниэл Ажиевдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө атайын контингент тарабынан ур-токмокко алынбаганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Ажиев бир орундуу камерада кармалып жатканын маалымдайт.
Жазык кодексинин 313-беренесинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну — 1990-жылы туулган Даниэл Ажиев кармалган болчу.
ИИМдин расмий билдирүүсүндө: «Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кармалган жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып, бир катар нааразычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган», - деп айтылат.
Булак: Баракелде