Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев коңшусун сабагандыгы тууралуу маалыматтар интернет айдыңында пайда болду. Андагы маалыматтарга таянсак Бакетаев 26-майда УКМКнын кызматкери жана анын тууганы менен биргеликте кошуна жашаган жигитти сабаган. “Саман күйдү десе Самарканд өрттөндү” дегендер маалыматты көбүртүп, вице-мэрди чоң муштум көрсөтүүгө аракет жасашты. Бирок чындык эртебикечпи ачыкка чыгаары белгилүү эмеспи.
Көп жылдардан бери ар кайсы мамлекеттик кызматтарды аркалап, бир да ыры –чыры чыкпаган Бакетаевдин капысынан жаман аттуу болуп чыга келгенине көпчүлүк ишенген жок. Биз бул окуя тууралуу вице-мэр Алмаз Бакетаевге өзүнөн угун үчүн кайрылганыбызда буларды айтып берди: “26-майда ушундай окуя болуп кеткени чын. Бирок мен мушташка аралашкан эмесмин, анын катышуучулары ким экендигин да билбегем, тааныбайм. Биздин короодо бир аял башка бирөөнүн баласын чаап жибериптир. Баланын апасы кечинде күйөөсү жумуштан келгенде даттанат, ал болсо баласын чапкан аялдын үйүнө сүйлөшүүгө барат. Ал аял мен жашаган үйдүн биринчи кабатында турат. Мен жумуштан жаңы эле келип тамактанып отургам. Ызы-чуу болуп кеткенинен сыртка чыксам эки киши тирешип, а аялдар аларды ажыратууга аракеттенип жатышыптыр. Ким биринчи мушташты баштаганын билбейм. Бирөөсүнүн кулак тарабы канжалаганын көрдүм. Мен аларды ажыратып, сыртка күч менен чыгардым. Андан соң милиция чакырдым. Кошуналардын баары окуя кандай өнүгүп, эмне менен аяктаганына күбө болушту. Андан тышкары видеокөзөмөл камерасына тартылган. Ага карабай мени айыптуу кылышып, мас абалымда бироонү сабап салганымдай айтып жатышат. Сабалды делген адам менден эки эсе чоң”. Бирок, анын айтымында мушташкан кошуналар милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Кошуна катары жарашып алышаарын айтышкандыктан, милиция кызматкерлери түшүнүк кат гана жаздырышкан. Чуу чыгарган маалыматка улай Бишкек ШИИБи окуядагы жарандын сабалышы боюнча “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталганын жарыялады. Учурда иш боюнча экспертиза дайындалып, материалдар прокуратурага өткөрүлгөн жана иликтөө иштери жүрүп жатат. ШИИБдин маалыматына караганда, жабырлануучу ким бирөөгө карата көрсөтмө берген эмес, бирок экинчи тарап жабырлануучунун үстүнөн арыз жазган. Коңшулардын эч биринин арызында Алмаз Бакетаевдин аты аталбаган, башкача айтканда жаңжалдашкандар өз ара мамилесин мыйзам аркылуу тактоого аракеттенишип, бири бири менен кармашууда. Вице-мэрдин бул окуяга катыштыгы жоктугун ушундан да билүүгө болот. Кыскасы кичинекей балдардын талашынан чыккан чыр кошуналардын ортосуна жик салып, биринин үстүнөн экинчисин арыз жазууга шыкактантыптыр. А бирок айрымдар башка бирөөлөрдүн мушташын вице-мэрди жаманатты кылууга пайдаланып жиберишти. Коомчулук көп учурда жарыяланган маалыматтын чын-бышыгын иликтебей туруп, биринчи көзгө чалдыккан жазууларга ишенип алаары бышык. Мына ушундай өзгөчөлүктү жакшы билген кайсы бир тарап Алмаз Бакетаевге болгон ич күптүсүн калп маалымат менен чыгарып алгансыды. Вице-мэрдин айтканына эмнеге ишенишибиз керек деген да суроо жаралышы мүмкүн. Ар бир адам актанат, катышканын катышпадым, тааныганын тааныбадым деши деле ыктымал да. Бирок азыр сыртта санариптешүү доору турганын, ар бир кыймыл видеотасмага тартылып калаарын унутпасак. Бишкек мэриясы окуя болгон Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан үйдөгү видеокөзөмөл камерасындагы тасманы жарыялады. Андан үй тегерегиндеги жабалактаган адамдарды көрүүгө болот, баары тең окуянын күбөлөрү экени талашсыз. Ушунча күбөдөн соң Алмаз Бакетаев эгер чындап эле атайын ниет менен кимдир бирөөнү сабаган болсо, актануунун кажети жок болчу. Бишкек мэриясы вице-мэрдин дарегине айтылган такталбаган маалымат анын кадыр-баркына зыянын тийгизээрин, ошондуктан ал ар-намысын мыйзам чегинде коргой турганын да кошумчалады. Биздин заманда адамды бир заматта кайсы бир терс окуяга кириптер кылып чыгаруу, жеке өч, же кегин жалган маалымат таратуу менен алуу кадыресе көрүнүш болуп калды. Эгерде Алмаз Бакетаев сотко кайрылса, бир пайыз чындыкка токсон тогуз апыртманы кошуп, фантазиясын өркүндөтүп жибергендер жазасын алышаары анык.
Булак: "Майдан.kg" газетасы