Акыркы кїндєрдє экс-депутат, экс-биринчи вице-премьерминистр Аскарбек Шадиевдин конфискацияланган байлыктары, аны качырып жиберүүгө түздөн түз шарт түзгөндөр жөнүндө маселе кайрадан көтөрүлїүүдө. Анткени, анын азыр Россияда эки баласы менен баш калкалап жүргөн экинчи аялы Асель Шадиева күйөөсүнө жана өзүнө жазылган байлыктардын калганын да кайтарып алганга катуу аракет кылып жатыптыр. Калганы дегенибиздин себеби, буга чейин ал 3 чоң обьектини камактан чыгартып, өзүнө кайтарып алганга жетишкен.
“Адамдын ичтейи тамак жеп жатканда ачылат” дегендей, үч обьекти кайтарылып берилгенден кийин калган мүлктөрүн да кайтарганга неге болбосун? Бардыгы болуп анын жалпы көлөмү 1 миллиард 852 миллион сомдук мүлктөрүн мамлекеттин пайдасына алуу жөнүндө соттун чечими чыккан. Албетте, анын банктардагы нак акчаларынын басымдуу көпчүлүгү табылган эмес. Аялы адвокаттары аркылуу 3 обьектини кайтарып алгандан кийин мамлекетте канчасы калды, алар белгисиз. Убагында Н.Тулеевдин батирлери, кыймылсыз мүлктөрү конфискацияланган менен 7 батирин мэрияда катардагы кызматтарда иштегендердин бири сатып, акчасын өзүнө ыйгарып алгандыгын билебиз. А.Шадиевдин да конфискацияланды делген мүлктөрү бирөөлөрдүн пайдасы үчүн иштеп жатпады болду бекен?
Мындай суроо койгонго да негиз бар. Анткени, алардын мамлекеттин менчигиндеги калганы же сатылып, каражаттары бюджетке түшүрүлгөнү белгисиз. “Чоң казатчылар” байлардын байлыктарын сүрүштүрүү менен гана чектелишпестен ар кандай себептер менен мамлекетке алынгандардын кандай пайдаланылып жаткандыгын да териштиришсе, эң жакшысы аларды убара кылып, ызы-чууларды көбөйтүшпөстөн мамлекеттик мүлк фондусунда отургандар мезгил-мезгили менен биз айткандар жөнүндө маалыматтарды элге жеткирип турушса жакшы болмок. А.Шадиевге Жогорку Кеңеш тарабынан берилчү парламенттер аралык Ч.Айтматов сыйлыгы 2017-жылы эч кимге ыйгарылбай калганын билип туруп, анын 30 миң долларын Жогорку Кеңештин кассасынан алдырып, жеп койгондугу үчүн кылмыш иши козголуп, ал качып кеткенден кийин 10 жылга эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоо жөнүндө чечим чыккан. УКМК А.Шадиевдин кылмышын 2017-жылдын мартында эле аныктап, Башкы прокуратурага өткөрүп берген менен Ирина Жолдубаева башында турган ал мекеме бир айга чейин кылмыш ишин козгобой койгондугунан пайдаланып ал качып кеткен. Атамбаевдин “капчыгын” калкалап, анын тымызын көрсөтмөсүн аткарган Ирина Жолдубаевага карата да азырынча эч кандай чаралар көрүлө элек. Ал андан башка ар кайсыл кылмыш иштери боюнча сурак берип эле жүрөт. Ал эми Жогорку Кеңештеги 30 миң долларды уурдаганга аралашкандардын баары аныкталган жок. Өзүңүздөр  таразалаңыздар, ал убакта А.Шадиев парламенттик бир комитеттин эле жетекчиси болгон. Анын бухгалтерияга түз буйрук бергенге ыйгарымы болгон эмес. Бул жерде А.Шадиевдин жалган сунушуна “нак акча түрүндө” берилсин” деген мааниде виза коюп, бухгалтерияга жөнөткөндүн неге тергеп-тескөөлөрдөн сырткары калгандыгы кызыктырат. Ал кантип эле ал жылы Ч.Айтматов сыйлыгы эч кимге ыйгарылбагандыгын билбей калсын? Же... А.Шадиев жөнүндө маселе көтөрүлгөндө дайыма эл арасында ушундай маанидеги суроолор пайда болот, бирок укук коргоо органдары ага ушул убакка чейин ачык жооп бербей келишет.

Булак: "Майдан.kg" газетасы