“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев элим, жерим, мекеним дегенде баарына кайыл адам экенине дагы бир жолу ынанып олтурабыз. Аттиң, сүйлөсө элди оозанып сүйлөгөн саясатчы, аттуу баштуулар Камчыбек мырзадай болсочу…

Эсибизде, 2010-жылдын июнундагы коогалаўдуу Ош окуясында эл арасында болуп, кан кечип, эки элди ынтымакка чакыруу менен окуяны тынчтандырууга зор салым кошкон. Кээ бирлердей тынч, жайчылык убакта төш каккылап, элдин атынан сүйлөп, бирок башка каран күн түшкөндө башын коңулга катып, дымы чыкпай калчулардан эместигин көрсөткөн. Камчыбек Ташиев чек ара маселесинде да көпчүлүктөн айырмаланып дайыма жарандык позициясын билдирип, чыр чыккан жерге өзү барып, элдин абалы менен таанышып, чек ара тилкелеринде
жашагандарга кайрат, дем, күч берип келет. Камчыбек мырзадай болуп жаңжал чыккан жерге ыкчам барып, абал менен таанышып кайткан башка саясатчыны билбейт экенбиз. Акыркы кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги «булак талаш» конфликти боюнча да кескин билдирүү менен чыкты. Социалдык тармакка жарыялаган билдирүүсүндө: «Элдин ахыбалын карагылачы, ар дайым жабыр тартат, үйлөрү өрттөнөт, келтек жейт, анысы аз келгенсип силер да куугунтуктайсыңар!!! Элге болушкан, коруган, боору ооруган бийлик болобу же элдин добушу жана силерге берген бийлиги эле керек беле?, - деп агынан жарыла ачуу чындыкты айтып, бийликти катуу сынга алды. Айрымдар Камчыбек Ташиевдин чек ара боюнча катуу айткандарын алдыдагы шайлоого байланыштырып жүрүшөт. Бирок калыстык үчүн айталы, Камчыбек мырзанын эл, мекен деген мекенчилдиги, атуулдук позициясы, духу, жүрөктүүлүгү эч кандай шайлоолорго байланган эмес. Ал мандат, кызматтан элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын ар дайым жогору коюп келет. Кайсы учурда болбосун дайыма мамлекеттин бүтүндүгү, элдин эсендиги, улуттун кызыкчылыгы деген маселелерде унчукпай кое албайт. Депутаттык мандатты, шайлоону гана ойлосо, мындай кескин билдирүүлөр менен чыгып, Акүйдүн 7-кабатына жаман көрүнүп, «кара тизмеге» кирүүнү кааламак эмес. Азыр көпчүлүк саясатчылар депутаттык мандаттын кулу болушуп, ооздоруна талкан салып алышкансып унчукпай отурушат. Жогорку бийликтин каарына калып, депутаттык мандатка жетпей калуудан чочулашат, ошондуктан чек ара боюнча ачык пикир билдиргенден, сын айткандан айбыгышат. Бул дагы бир жолу “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев үчүн мансап, кызмат, мандатка караганда элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы жогору турарын, жүрөгү согуп турганда чындыкты айтып, элдин таламын талашып, акыйкаттык үчүн күрөшү берерин көрсөттү. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы