Ал коронавирус пандемиясына жана чек арага байланыштуу азыркы кырдаалда өкмөт башчынын отпускта жүрүшүн сынга алды.
"Өткөндө Тажикстандын чек арасында кагылышуу болду. 31-майда Өзбекстан менен чек арада чыр чыкты. Өзгөчө кырдаал режими өлкөдө алына элек. Премьер-министр кайда жүрөт? Эмнеге ал ушундай кырдаалда отпускка кетет? Армениянын премьери коронавирус жугузуп алып, бирок үйдө иштейм деди. Биздики эс алып жүрөт. Азыр ишти вицелерге тапшырып коюп, эс алып жатчу убакыт эмес",- деген Максат Сабиров спикерге премьер-министрдин аракетин карап чыгууну тиешелүү комитеттерге тапшырууну сунуш кылды.
27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыскача эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радиожыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү үчүн деп түшүндүргөн.
Чек арада кырдаал курчуп турганда өкмөт башчынын эс алууда болушун социалдык түйүндөр аркылуу сындагандар болууда.
Өкмөттүн басма сөз кызматы сын-пикирлерге жооп бере элек, премьердин ишке качан чыгарын айта элек.
Премьер-министрдин милдеттери биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго жүктөлгөн.
31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркап, төртөө ооруканада жатат.
Булак: Азаттык