Бүгүн, 3-июнга карата өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат берип жатат.

Жыйындын жүрүшүндө Үсөнбаев Нарындын биринчи вице-мэри Давид Курманов коронавирустан айыкканын маалымдады.

«Бүгүнкү күндө Давид Курманов коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Үйүндө болуп жатат жана медициналык көзөмөлдө. Ал эми мэрия штабдык режимде иштеп жатат», - деди ал.

Булак: Баракелде