Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Закир Шарапов биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду чакырып, Баткендеги чек ара чатагы тууралуу маалыматты угууну сунуштады.

“Өзбек тарап окуя боюнча тастыкталбаган маалыматтарды таратып жатат. Ошондуктан Кубатбек Бороновду жыйынга чакыралы, Сох анклавында эмне болгонун так айтып берсин”, - деди депутат.

Депутат Максат Сабиров дагы парламенттешинин сунушун колдоду. Ошондой эле коронавирус менен күрөш күчөп  жана чек арадагы чыр улам пайда болуп турган маалда премьер-министр Абылгазиевдин эмнеге эмгек эргүүгө кетип калганын түшүнө албады.

“Армениянын премьер-министри коронавирус жуктуруп алды, бирок үйүндө иштеп жатат. Эмнеге биздин өкмөт башчы бардык милдетин орун басарларына жүктөп коюп кетип калды? Азыр эс ала турган учурбу?” – деди Сабиров.

Эске салсак Абылгазиев радиожыштыктык сатуудагы коррупция ызы-чуусунан улам кыска мөөнөттөгү эмгек эргүүгө чыккан.