Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен өлкөдө коронавирус  илдетине чалдыккандардын жалпы саны 1871 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде 46 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.  Жалпысынан айтканда Кыргызстанда  1265 адам  коронавирус инфекциясынан айыккан.  Ал эми, акыркы суткада  республика боюнча дагы 3 адам коронавирустан каза болду.  Ушуну менен өлкөдө жылпы 20 адам көз жумду.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 16 адам;

- Нарын облусунда 7 адам;

- Ош облусунда 1 адам;

- Жалал-Абад облусунда 1 адам;

- Баткен облусунда 1 адам.