Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев УКМКнын «Азаттыктын» журналисттерине көө жабуу аракети - бүтүндөй Улуттук коопсуздук кызматынын ишмердигине ишенимди кетирет деген пикирде.

«Мындан бир жума мурда эле күч органдары жыштык сатуу иши боюнча күмөндүү суроолорго «тергөөнүн кызыкчылыгы» деп жооп бербей коюшкан. Бул жолу депутаттык комиссияга алдын-ала видео даярдап келишкени - «Азаттыкты» каралоого системдүү киришкенин көрсөтүп турат. Коррупция менен эмес, коррупцияны айтып чыккандар менен күрөшөбүз деген ой болсо - чоң жаңылыштык. Азыр «Азаттыкты» каралоого катышкандар аз убакытта кайра коомчулуктан кечирим сурап калышы толук мүмкүн».

Депутат Жанарбек Акаев "Азаттык" медиа мекемеси жана журналист Али Токтакунов бул кылганы үчүн УКМКны сотко берүүгө укуктуу экенин кошумчалады.

2-июнда кытай жараны Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отуруму өтүп, анда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек Кытайдын жараны Айеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. “Айеркен Саймаитинин “Азаттыктын” журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз” деген эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү көрсөтүлгөн.

УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.

Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай "Азаттыктын" кабарчысы акча алган" деген маалыматты «журналисттерди каралоо» деп баалады.

Эл аралык медианын президенти «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт.

Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты. 

Булак: Азаттык