Бишкек шаарынын вице-мэри, жарандык коргоо комиссиясынын төрагасы Азиз Алымкулов кол койгон буйруктун негизинде, мындан ары калкты тейлөө жана кызмат көрсөтүү (кафе, ресторан) тармагынын бардык кызматкерлери бет капчан жүрүүгө милдеттендирилет.  Жетекчилер кызматкерлеринин санитардык талаптарды аткарып, бет капчан жүрүүсүнө жоопкерчиликтүү болушат.

Мэрия ишкерлерге кайрылып, кардарларга жана кызматкерлерине коопсуз шарттарды түзүүнү суранган. Санитардык талаптарды, гигиенаны сактоо, антисептиктерди колдонуу жана адамдар ортосундагы аралыкты сактоонун пайдасы коронавирус менен күрөшүүдө эбегейсиз болоорн белгилеген. 

"Урматтуу шаардыктар! Санитардык талаптар сакталбаган жайларды көрсөңүздөр төмөнкү номерлерге кабарлаңыздар:  

1840 жана 1850 номерлери  (күнү-түнү чалууга  болот), ал эми  фото - видео далил 0554 182-185  номерине WhatsApp аркылуу жөнөтүлөт. Өзүңөргө жана жакындарыңарга сак болгула! Вирус абдан жакындап келди. Өтө этият болуу зарыл», - деп жарыялады мэрия.