Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов учурда Таласта жашап жаткан ырчы Малик Аликеев менен ватсап аркылуу кабарлашып, ден соолугун сурады. Министр менен кошо орун басары Кайрат Иманалиев дагы ырчынын ал - абалынан кабар алды.
Аталган министрликтин маалыматына караганда, Азамат Жамангулов Малик Аликеевди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтөөрүн билдирген. Андан башка министр ырчынын шашылыш жасалуу зарыл болгон операция, азыркы акыбал жайы тууралуу сүйлөшүп, бардык маселелери менен тааныш болду.
Малик Аликеев чыгармачылыкка 16 жашында аралашкан. Ал "Анделек", "Мөлмөлүм" ырлары аркылуу элдин сүймөнчүгүнө арзып, таанымал болгон. Ырчы бир канча жыл мурда кырсыкка кабылып, бутунан операция болуп, кийинчерээк ошол бутунан баспай калган. Хирург Сабырбек Жумабековдун айтымында, Аликеевдин организминен кальция жуулуп кетип, бутунун сөөгү жумшарып калган. Ага тез арада операция жасалышы керек, бирок алгач организмди кальций менен толуктаган дарылануу керектелет.
Кечээтен баштап ырчылар арасында Малик Аликеевге жардам берүү чакырыгы жүрүүдө. КР Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева бул демилгени колго алган.