Бишкек мэриясы шаардын көчөлөрүндө жүргөн жылан тууралуу маалымат таратты. Анда: “Паникага алдырбайлы. Карантин убагында зоопарк жабык, а жыланга эшикке чыгып күн нуруна какталып туруу зарыл болгондуктан кээде сыртка кое берип турушат”, - деп айтылат.

Белгиленгендей көчөдө эл көрүп, видеого тартылып алынган жыландын түрү – удав, анын адамдарга зыяны жок, тагыраак айтканда чакпайт. Ошондой эле мэрия жыланга тийишпөөгө жана кармоого аракет жасабоого чакырды.

Эске салсак интернетке Бишкектин “Космопарк” соода борборунун жанында узун жылан жүргөнүн чагылдырган видео тараган.