Бүгүн, 2-июнда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда 100 орундуу бала бакчанын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу шаардын мэриясы маалымат таратты.

Анда айтылгандай, капсула салуу иш чарасына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, шаарда бала бакчалардын санын көбөйтүүгө аракеттер жүрүп жатканын айтты.
“Жергиликтүү бюджеттин эсебинен эки бала бакча курулуп, даяр турат. Жапалактын Арек айылында да бир бала бакча курулуп жатат. Бүгүн Ак-Тилек кичи районунда бала бакча жоктугун эске алып, жаңы бала бакчанын курулушун баштадык. Жакында башка кичи райондорго да курууну баштайбыз. Балдарды бала бакча менен камсыздоо негизги планга коюлган. Өлкө башчыбыздын жарлыгы менен 2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланган. Балдарга өзгөчө көңүл бурулат”-деди Т.Сарыбашов.
Ак-Тилек кичи районуна курула баштаган 100 орундуу балдар бакчасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулат. Тендердик баасы 22 млн. 520 миң сомду түзүп, курулуш иштерин “Мираж-Профи” ЖЧКсы жүргүзөт.

Соцтармактарда бишкектиктер оштуктардан мэрин убактылуу сураган тамашалуу посттор жарыяланып калат. Азиз Суракматов менен Таалайбек Сарыбашев 2018-жылы июль жана август айларында бир айдай гана айырмачылык менен Кыргызстандын эки чоң шаарынын жетекчилигине келишкен. Андыктан коомчулук эки мэрдин жасаган иштерин бири бирине салыштырып, байкоо салып келишет.